БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жеке жактар автоунааларды импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай нерсе калкты колдоо жана жарандардын финансылык абалын жакшыртуу максатында жасалууда.
“Эми жеке жактар бир жылдан бери ээлик кылган машина үчүн 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алган кирешесине карата салыктардан, айып пулдан жана туумдардан бошотулат. Пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан да бошотулат”, - деп айтылат маалыматта.
Бирок төмөнкүдөй шарттары бар:
жеңилдик жеке ишкерлерге тиешелүү эмес;
салыктан бошотуу карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө сот чечими жок болсо гана колдонулат;
салык буга чейин төлөнгөн болсо, анда ал кайтарылып берилбейт.
Салык кызматы бул жеңилдик бир жолку болуп саналарын белгиледи. Ошондой эле алдамчылыкка жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат.