Кытайлык компания менен Бишкекте монорельс куруу талкууланды

Монорельс. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкекте монорельс куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана кытайлык CRRC Changchun Railway Vehicles компаниясынын өкүлдөрү жолугушкан.
"Анда Бишкекте монорельстүү жолдорду куруу жана аларды өнүктүрүү перспективасы талкууланган. Сүйлөшүүдө долбоордун экономикалык жана техникалык пайдаларын дыкат изилдөө макулдашылды. Бишкек мэриясы кытай тарапка изилдөө үчүн монорельс жолдордун курулушунун эскиздерин берип, долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырса болорун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми "Кыргыз темир жолу" гибрид электр поезддерине кызыкдар экенин айтып, экологияга зыяны жок экенин белгилеген.
Метро станциясында поезди күтүп турган жүргунчулөр. Архив
Метро, монорельс куруу. Депутаттар Бишкектеги тыгынды чечүү жолдорун сунуштады