Күндүн көзү бузулуп, суук түшөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Катуу жаан учурунда бара жаткан адам. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кийинки жуманын башы жаан-чачындуу болуп, күн сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.
"Аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 24-26-март аралыгында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күн күркүрөп, абанын температурасы төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот", — деп жазылган маалыматта.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатып, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатары белгиленген.
Бишкектеги Ынтымак паркында кишилер эс алууда. Архив
32 градуска чейин ысыйт! Апрель айына карата аба ырайынын божомолу