БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. 21-март, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын өрөөнүндө +9...+14 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +26…+28 градуска көтөрүлөт.