Бул сапар “Стоп Кадр” программасында биз кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан “Жол” тасмасы тууралуу кеп кылдык. Фильмдин режиссеру Асхат Субанбековдун айтымында, аталган тасманын көрүүчүлөрүнүн бири бул кинону көргөндөн кийин Америкага кетүү ойунан кайткан. Тасма туугандар менен мамилени чындоого үндөп, туулган жердин, балачак өткөн айылдын барктуулугун даңазалайт.