Жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан тышка чыгарууга тыюу кирди

Sputnik
Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагынан тышкары чыгарууга убактылуу тыюу салынды. Бул тыюу эл аралык транзиттик жана гуманитардык жардамдан тышкары минералдык жер семирткичтердин бардык түрлөрүнө карата колдонулат. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул жер семирткичтер жана кирген убактылуу тыюу тууралуу маектешебиз.
Биздин суроолорубузга Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзар Султанбек кызы жооп берди.