Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү куруп, кыска мөөнөттө калкты арзан турак жай менен камсыздайт. МИКтин ипотека боюнча жаңы шарттары, ири шаарларда, аймактарда курулуп жаткан үйлөр, курулуштун сапаты, баалары, жаңы продуктулары тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев “Күн башат” программасында маек курду.