Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнө 6,2 миң тонна кызылча экспорттолду

Кызылчаны жыйноо иштери. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Былтыр 6,2 миң тонна кызылча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө 1 миллион тоннага жакын кант кызылчасы өндүрүлгөн.
"Былтыр 15 миң гектарга кызыл кызылча эгилди. Түшүм 993 миң тонна болуп, андан 118 миң тонна кант өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу эки эсе көп болуп, 6 миң 225 тонна экспортко чыгарылган. Негизинен Казактсанга сатылды", — деди Чекирбаев.
Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн желектери. Архив
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишими 15-майда күчүнө кирет