Россиянын борбор калаасында "Туризм жана меймандостук индустриясынын эл аралык көргөзмөсү" ачылып, ага Абхазия, Армения, Беларусь, Өзбекстан жана Кыргызстандын компаниялары катышкан.
Кыргызстандан чыккан продукция чагылдырылган стенддер коноктордун чоң кызыгуусун жаратты. Ири кезек кымыз турган жерде жаралып, келгендин баары улуттук суусундуктан ооз тийип кетүүгө аракет кылышты.
Компаниялар ошол эле жерлерден кызматташуу боюнча келишим түзүп жатышты. Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Асылбек Алиев республика россиялыктардын чоң кызыгуусун туудурганын белгиледи.
"Башка өлкөлөрдөн айырмаланып Кыргызстанда тил көйгөйү жаралбайт. Бул өтө маанилүү аспект. Республикада ар ким өз ылайыгына жараша эс алуунун түрүн тандап алат", — деди ал.
Алиев муну менен бирге өлкөдө россиялык инвесторлордун катышуусу менен тоо лыжа кластери жакшы өнүгүп жатканын кошумчалады.
Тема боюнча: