БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кайсы жолдор салынып, кандай пайдаланыларын айтты.
Курула турган жолдор:
Дача — Капчыгай (Ходжаи-Аало, Ворух анклавы) узундугу 3 425 метр, туурасы 40 метр;
Миң-Өрүк — Самаркандек (Ориёна — Шуристон) узундугу 3 241 метр, туурасы 40 метр. Бул жол салынса, Баткенден Лейлекке жол 30 чакырымга кыскарат;
Төрт-Көчө участогу нейтралдуу макамга ээ болду. Ак-Суу дарыясы аркылуу өткөн көпүрө Кыргызстандын аймагында калды;
"Интернетте Лейлек району сүйлөшүүдөн кийин анклав болуп калды деп жатышат. Ошону айткандар, акылыңар барбы? Кантип калып кетет? Тескерисинче, Төрт-Көчөнү нейтралдуу кылдык. Миң-Өрүк — Самаркендек деген жаңы жол пайда болот. Көк-Таш — Ак-Сай — Рават жолунун аймагында чек ара такталды. Лейлек анклав болбой эле, тескерисинче, аны анклавдан чыгарып, ал жакка үч жол менен барууга жол ачтык", — деди Ташиев.