ВДНХнын ордуна салынып жаткан Конгресс-холлдун курулушу. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президенттик администрация ВДНХнын (Бишкектеги Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү) ордуна салынып жаткан Конгресс-холлдун курулушун көрсөттү. Видеону президенттин маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков жарыялады.
Анын айтымында, кароосуз калып бузулган имараттар жер аянты менен былтыр мамлекетке кайтарылган.
"Бишкектеги Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ВДНХ) 1947-жылы Кыргыз илим-изилдөө институтунун эксперименталдык фермасынын базасында уюштурулган. Бул көргөзмө Кыргызстандын айыл чарба, өнөр жай жана илим тармагындагы жетишкендиктерин көрсөтүүгө арналган. 1974-жылы борбордук павильон курулуп, имаратта көптөгөн ири иш-чаралар, анын ичинде 1987-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын бет ачары өткөн. Бирок мамлекетибиз эгемендик алгандан кийин кароосуз калып, имараттар эскирип, урап, аймак жеке колдорго өтүп кеткен. Жеке тараптар ижарага алганы менен 20 жылдан ашык убакыттан бери өздөштүргөн эмес", — деп жазган Орунбеков.
Имарат 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү үчүн колдонулары айтылды.
2026-жылы Өкмөт үйү курулуп, маморгандардын эски имараттары сатыкка коюлат