БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Климов Борбор Азия үчүн кандай олуттуу көйгөйлөр бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Евразиядагы коопсуздук — көйгөйлөр жана чечимдер" деп аталган видеокөпүрөдө айтып берди.
"Таптакыр жаңы чакырыктар жаралат деп ойлобойм. Алардын структурасы өзгөрүшү мүмкүн. Бул жерде региондогу союздаштарыбыз менен активдүүлүктү күчөтүү керек болот. Анткени ал процесстерди сен башкарбасаң, алар сени башкарып алат. Сириядагы окуяларда Борбор Азиядан чыккан адамдардын орду чоң экени жашыруун эмес. Алар ошол жактардан тажрыйба топтоп келишти, акчалуу болушту, башкаларды өз тобуна тартуу жаатында иштеп жатышат. Мындай мисалдар, тилекке каршы, жетиштүү", — деди Климов.
Сенатор Россия жана БА мамлекеттери ЖККУ, КМШ жана ШКУнун деңгээлинде кооптуулуктарды алдын алуу багытында иштеши керектигин белгилеген.
"Афганстандагы абал курч фазасынан чыкты, бирок бул процесстин баары ар кыл, кылдат болуу шарт. Евразиядагы өзөктүк мамлекеттер континенттин Азия бөлүгүндө жайгашкан. Кеп Индия менен Пакистан тууралуу болуп жатат. Алардын ортосундагы мамиле кандай? Чыгыш жакты карасак, ал жакта да маселе бар. Иран проблематикасынын да кайсы бир деңгээлде БАга тиешеси болууда. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулоодо мына ушул маселелердин баары каралып жатат", — деди Климов.
Саясатчы Евразия калкынын айрым бөлүгү европалык аткаминерлердин эл көзүнө айткан сөзүн чындап маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.
"Өзөктүк куралга ээ армиянын катарында жарым миллион киши бар, бул бизден анча алыс эмес. Брюсселдеги чиновниктин сөзү эмес, мына, чындап ушул маселе маанилүү. Элдерибиздин аң-сезимин өзгөртүү керек, түшүнүү болбосо жарандык коомдун биримдигине жетишүү мүмкүн эмес", — деди сенатор.