Быйыл Нооруз Бишкектин эски аянтында белгиленет. Иш-чаралардын программасы

Бишкекте Ноорузду майрамдоо. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы Нооруз майрамына карата иш-чаралардын программасын жарыялады.
Маалыматка ылайык, быйыл салтанат саат 10:00дөн 19:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт.
"Маараке "Кел, куттуу Ноорузум" аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук аткарууларды көрө алышат. Күнү бою аянтта кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле "Кыргыз айылында" боз үйлөр тигилип, каалоочуларга кыргыз элинин каада-салты көрсөтүлөрү кошумчаланды.
Жолду жабуу учурунда милиция кызматкери. Архив
Ноорузга карата "Ала-Тоо" аянты беш күнгө жабылат