БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чүйдүн Ысык-Ата жана Таластын Манас райондоруна акимдерди дайындады. Тиешелүү тескеме чыкканын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Документке ылайык, Эркеайым Сейтказиева Чүйдүн Ысык-Ата районунун акими болгон. Ал эми бул кызматты ээлеп келген Эрмекбай Омошев Таластын Манас районунун жетекчиси болуп дайындалды.
Буга чейин Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген Сейтказиева ушу тапта акимдердин арасындагы жалгыз аялзаты болуп эсептелет.