Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Афанасий Волковенко — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Советтер Союзунун Баатыры Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Sputnik
Улук лейтенант Афанасий Волковенко
Герой СССР из КР Афанасий Волковенко
Афанасий Волковенко
Волковенко 1907-жылы Васильчуки (азыркы Алтай аймагы, Ключев району) кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1928-1931-жылдары Волковенко Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылат да, кызматын өтөп келгенден кийин Фрунзе (Бишкек) шаарында административдик-чарбалык иштерде эмгектенген. 1941-жылы армияга экинчи ирет чакырылган. Ушул эле жылдын күз мезгилинен тарта Улуу Ата Мекендик согушка, анын ичинен дароо эле Москва үчүн салгылашка кирген. 1942-жылдын апрелинде гвардиянын улук лейтенанты Волковенко Батыш фронтунун 1-гвардиялык кавалериялык корпусунун 1-гвардиялык дивизиясындагы 6-гвардиялык кавалериялык полктун кавалериялык эскадронун жетектеген.
Беш ай бою Волковенко өзүнүн полку менен Смоленск облусундагы немецтердин тылдарындагы рейдге катышкан. 1942-жылы анын эскадрону Угран районундагы Большая Мышенка кыштагын (Смоленск аймагы) бошоткон. Кармашты ал душмандын беш аскерин жок кылып, жаракат алып, бирок согуштан чыгып кеткен эмес. 26-майда эскадрон Всходы кыштагында Угра дарыясынан кечип чыгып, ошол жердеги өтмөктү ээлеп жана колдон чыгарбай кармап турган. 19-июнда душмандын 30 аскерин, офицерлерин жана дзотун жок кылып, Волковенко согуштун чегинен өткөн.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен курман болгондон кийин 1944-жылы 3-июнда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын улук лейтенанты Афанасий Волковенкого Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Бирок каарман жоокер ага кошумча берилген Ленин, Кызыл Жылдыз ордендерин өз колу менен алууга жетишпей калган... 1944-жылы 6-ноябрда Украина ССРинин Ровенск облусунда курман болгон. Радивилов (азыркы Червоноармейск) шаарына (Даңк мемориалы) коюлган, калаадагы көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарылган. Андан сырткары, Кызыл Жылдыз орденин берүү боюнча жарлык чыккан.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Иван Гавриш — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры