20-мартка карата аба ырайы

ОшМУнун студенттери отургучта эс алып жатышат. Архив
Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар күрткү пайда болуп, ашууларда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-14 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас менен Баткен өрөөндөрүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад аймактарында +21…+26, Ысык-Көл жергесинде +8...+13, Нарын облусунда +9…+14 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектеги Ынтымак паркында кишилер эс алууда. Архив
32 градуска чейин ысыйт! Апрель айына карата аба ырайынын божомолу