Желим баштыктардын экологияга таасири - таштандыдан табиятты кантип сактайбыз?

Sputnik
1-марттан тарта Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго жана саткандарга айып салуу күчүнө кирди. Бул чара Ысык-Көлдүн экологиясын коргоого жана туристтик аймактардын тазалыгын сактоого багытталганы кабарланды. Бүгүнкү “Күн башат” программасында ушул айып тууралуу жана желим баштыкка байланыштуу кирген жаңы өзгөрүүлөр ошондой эле дегеле желим баштыкка байланыштуу өлкөдөгү абал тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык козомол министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Букаров жооп берди.