БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы толук масштабдуу эркин соода келишими үстүбүздөгү жылдын 15-майында күчүнө кирет. Бул тууралуу ЕЭК соода министри Андрей Слепнев билдирди.
Маалым болгондой, Евразия экономикалык комиссиясына Ирандан эркин соода келишиминин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу расмий билдирүү келип түшкөн. Ал эми январь айында Иран тарапка ЕАЭБдеги бардык процедуралар аяктаганы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн.
"Макулдашуунун жоболоруна ылайык, зарыл иштер аяктаганын тастыктаган ноталар алмашкандан кийин документтин күчүнө кириши үчүн 60 күндүк мөөнөт каралган. Ошентип келишим 15-майдан тарта күчүнө кирет", — деди Слепнев.
Жаңы келишимди ишке ашыруу жакынкы келечекте соода жүгүртүүнү рекорддук 12 миллиард долларга жеткирүүгө жардам берет. Бул учурдагы көлөмдөрдүн болжол менен эки эсеге көбөйүшүн билдирет.
2019-жылдан бери ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу келишим күчүндө болуп, чектелген сандагы товарлар үчүн эркин соода аймагын түзүүгө жол ачты. 2023-жылдын декабрында Санкт-Петербургда толук масштабдуу эркин соода келишимине кол коюлган. Анда тараптардын ортосунда товардын бардык ассортиментинин дээрлик 90 пайызына бажы алымысыз режим орнотулган.