Таласта балык чарбанын жерин 68 эсе арзан сатуу аракетине бөгөт коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Таласта облустук балык чарбанын жери менен имаратын 68 эсе арзан сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бакай-Ата райондук сот аткаруучулар жана башка мамлекеттик органдар 162,1 миллион сомдук 104,5 гектар жерди административдик имараты менен болгону 2,3 миллион сомго сатууга аракет кылышкан.
Прокуратура органдары тарабынан коррупциялык схемага өз учурунда бөгөт коюлуп, кылмыш иши козголгон.
Таласта 96 га сугат жерди үй куруу үчүн саткан делип аким кармалды