Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчы Ермекбаевди кызматка киришүүсү менен куттуктап, ШКУнун регионалдык державалардын ортосундагы диалог үчүн уникалдуу платформа экенин белгиледи.
Жапаровдун айтымында, күзүндө ШКУга төрагалык кылуу — Кыргызстан үчүн маанилүү окуялардын бири.
ШКУнун алкагында кызматташуунун негизги артыкчылыктары тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнү белгиледи. Бул контекстте натыйжалуу финансылык механизмдерди, атап айтканда, ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүү маанилүү.
Мындан тышкары, Кыргызстан Бишкекте жайгаша турган Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча сунуш киргизди.
ЖККУ желектери. Архив
ШКУ, ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны макулдашканын кубаттады