БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Африкада Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, элчилик Эфиопияда уюштурулуп, имараты Аддис-Абебе шаарында жайгашмакчы.
Дипломатиялык өкүлчүлүк Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында түзүлүүдө.
Президент минкабга элчиликтин ишин уюштуруп, финансы маселесин чечүүнү жана ТИМдин штатын төрт кишиге көбөйтүүнү тапшырган.