Путин батыш компаниялары Россияга кандай шартта кайта аларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россияга кайтууга ниеттенип жаткан батыш компанияларына эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбейт. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун съездинде билдирди.
Президент өз сөзүндө Россиядан кеткен батыш компаниялары бизнесин "талаага таштап" жөнөй беришкенин, эми кайра аны арзан сатып алууга аракет кылып жатканын белгилеген. Анын айтымында, мындай болбошу керек.
"Россия ачык өлкө. Кайткысы келгендер атаандаштык шартында келе берсин. Россиялык бизнес батыш компанияларын кеткенин туура пайдалана алды: каражат салып, жумушчу орундарды түздү. Биз үчүн бул россиялык компаниялардын кызыкчылыгы жогору болот. Батыш бизнесинин биздин рынокко кайтуу маселесин ушул көз караштан туруп чечебиз", — деди Путин.
РФ лидери өкмөткө чет элдик компаниялардын активдерди сатып алуусун тыкыр көзөмөлдөөнү, кеткен компаниялардын тизмесин тактап, алардын кайтып келишинин ачык-айкындуулугун камсыздоону тапшырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Курскидеги аскердик жайда кеңешме өткөрдү. Президент эмнелерди белгиледи