Мирзиёев Жапаровду кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилиши менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Лидерлер бүгүн телефондон сүйлөшкөн.
"Мирзиёев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо региондогу туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү кадам экенин айтты. Президенттер регионалдык кызматташуу маселелерин, ошондой эле Ноорузду майрамдоонун алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын Кожентте өтө турган үч тараптуу саммитин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар буга чейин жетишилген келишимдерди тез арада ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзүн белгилешти.
Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды