Радио

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 14 гана ардагер калды

Согуш, эмгек, куралдуу күчтөр, укук коргоо органдарынын жана эмгекчил тылдын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, политолог Токтогул Какчекеев Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чаралардын планы даярдалып, көп багыттуу маселелер каралганын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 14 гана ардагер калды. Тилекке каршы, алардын катары суюлуп баратканын Токтогул Какчекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата салтанаттуу жана майрамдык иш-чаралар, илимий-билим берүү конференциялары жана тематикалык көргөзмөлөр уюштурулуп жатат.
"Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген уюштуруу комитети түзүлгөн. Анда иш-чаралардын планы иштелип чыгып, көп багыттуу маселелер каралган. Учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 14 гана ардагер калды. Тилекке каршы, алардын катары суюлуп баратат. Көзү тирүүсүндө болушунча сыйлап, кебин угуп калыш керек. Кан күйгөн согушта баатырдык, эрдик көрсөтүп, тынчтык үчүн жанын беришти да", — деди Какчекеев.
Ал ошондой эле Улуу Жеңиштин маанисин, аталардын эрдигин, баатырдыгын жаш муундарга жеткирүүгө маани берилиши керектигин кошумчалады.