БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбаларын өнүктүрүү боюнча жаңы чараларды бекитти. Тиешелүү токтомго минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Бул чаралар чек арачыларды азык-түлүк менен камсыз кылууга, анын запасын түзүүгө жана кошумча тамак-аш уюштурууга шарт түзөт. Аталган көмөкчү чарбалар дыйканчылык, аарычылык, мал, канаттуу жана балык чарбасын өнүктүрүүгө басым жасайт. Анда мөөнөттөгү аскер кызматчылары күжүрмөн даярдыктан бош мезгилинде иштей алышат.
Көмөкчү чарбалар продукциясын өздүк курамды камсыздоо үчүн пайдаланып, акысы мамлекеттик бюджеттен төлөнөт. Ал эми ашыкча өндүрүлгөн продукцияны чек арачылардын үй-бүлөсүнө жана башка жарандарга базар баасында сатууга уруксат берилет.
Мындан тышкары, көмөкчү чарбалардан түшкөн каражат кампаларды курууга, техника сатып алууга жана аскерлерге кошумча сый акы төлөөгө жумшалат.
Бул чаралар Чек ара кызматынын аскерлеринин тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга жана чарбалык ишмердүүлүктү күчөтүүгө багытталган.