Ноорузга карата "Ала-Тоо" аянты беш күнгө жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүндөн баштап Бишкектин борбору Нооруз майрамына карата жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
18-март саат 22:00дөн 23-мартка чейин төмөнкү көчөлөр жабылмакчы:
Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү;
Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү.
Кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырган.
Бишкекте төрт көпүрө кеңейтилип, айрымдары курулат. Тизме