Мамлекет жакыр миң үй-бүлөгө бала бакча үчүн ваучердик система менен акча бөлөт

Бала бакчанын имаратынын жанында оюнчук машина. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мамлекет жакыр үй-бүлөлөрдүн 1-6 жаштагы балдары үчүн пилоттук долбоор менен ваучердик каржылоону баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, биринчи этапта 37 районго 1000 ваучер бөлүнөт.
"Ваучердин базалык суммасы – 2000 сом, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 3100 сом, майып балдарга 4560 сом, ал эми Баткендин алыскы аймактарына кошумча коэффициент каралган. Ваучерди көп балалуулар, майыптыгы бар балдар же аз камсыз (кирешеси 1000 сомдон аз) үй-бүлөлөр, Баткендин чек ара аймактарындагылар ала алат", — деп айтылат маалыматта.
Ваучер жергиликтүү бийликтеги комиссиясынын чечими менен "Балалык" системасы аркылуу берилет.
Ваучердик система — "окуучунун артынан акча ээрчиген" каржылоо принциби. Башкача айтканда, мамлекет каражатты билим берүү мекемесине эмес, ар бир окуучуга бөлөт. Ата-энелер окуу жайды тандап, Билим берүү министрлигинен атайын эсепке акча (ваучер) алышат. Ошол каражатты окуу жайга которушат. Ата-энелер каражатты накталай чыгарып же башка муктаждыктарга жумшай албайт.
Бишкектеги мектептин 1-класстын окуучусу. Архив
Мектеп имаратында окуган 1-класстарга сабактан кийин калуу каралган эмес