БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, М.у.А. шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн 2024-жылы октябрда WhatsApp тиркемеси аркылуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, партиялашын алдап 30 миң доллар алган.
"Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, камакка алынды", — дешти атайын кызматтан.
М.у.А. инициалдары депутат Амантур Мусагул уулунун аты-жөнүнө туура келүүдө.