Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Крымды Россиянын аймагы катары таанышы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. АКШ Украина жаңжалын жөнгө салуунун бир бөлүгү катары Крымды Россиянын аймагы деп таануу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Semafor басылмасы маалымат булактарына таянып жазды.
ЖМКнын маалыматына караганда, АКШда БУУну Крымды Россиянын бир бөлүгү катары таанууга чакыра турган кырдаал талкууланып жатат.
Ошол эле учурда макалада азырынча конкреттүү чечимдер кабыл алына электиги жана жогорудагы вариант чыр-чатакты токтотуунун мүмкүн болгон кадамдарынын бири экени айтылат.
Ак үй бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартып койгон.
Крымдын Украинага кантип өтүп кеткендигин баяндаган видео