БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Шаршембиде республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 19…24, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 21…26, Ысык-Көл жеринде 7…12, Нарын чөлкөмүндө 10…15 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 23…25, Ош шаарында 24…26 градусту көрсөтөт.