Каза болгондон кийин унутта калган легендарлуу актёр Насыр Кытаев

Sputnik
Насыр Кытаев 1917 жылы, Кой-Ташайылында төрөлгөн. 1932-жылдан тартып 1936-жылга чейин Фрунзе шаарында музыкалык мектепте окуган.1936-1941-жылдары Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театр искусствосу институтунда билим алган. 1941-жылы курсташтары У.Исмаилова, А.Абдубачаев, А.Саргалдаев ж.б. менен бирдикте Кыргыз мамлекеттик драма театрына кабыл алынат. Ошондон тартып өмүрү өткөнчө ушул театрда иштеп, 100 дөн ашык роль ойногон. Кийинки жылы Насыр Кытаевдин 110 жылдыгы белгиленет. Кыргыз ССРнин эл артисти аталган Насыр Кытаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу бир катар суроолорду узаттык.