Өлкөдө балдар арасында кургак учукту жугузуп алгандар өстү — ооруну дарылоо жана аныктоо боюнча жаңы ыкмалар колдонулуп жатабы?

Sputnik
Бүгүнкү күндө өлкөдө кургак учук боюнча көрсөткүчтөр жогору. 2023-жылы 100 миң калктын санына карата жалпы бардык курактагыларды алганда 58, 9 учур катталды. Алардын 11,7 учур балдар арасында аныкталды. Алардын кургак учук дартына кептелишинин себеби эмдөө албаганында болуп жатат. Балдар арасында кооптуу дарт пандемия убагында азайган бирок акыркы жылдары жугузуп алгандар кайрадан арбыды. Ооруну дарылоо жана аныктоо жаатында жаңы ыкмалар колдонулуп келет. ДССУнун планыбоюнча, 2030-жылга чейин кургак учук оорусун жок кылуу экенин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллат Кадыров билдирди.