Өзгөчө унаа токтотмо, кең жолдор, жаңы көпүрөлөр! – Бишкекте транспорт үчүн кандай шарттар түзүлүүдө?

Sputnik
Бишкек мэриясы быйыл бир катар негизги жолдор оңдоп-түзөөдөн өтө турганын кабарлады. Алардын катарында Чүй, Ахунбаев, Жибек Жолу, Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөсү бар. Муну менен катар 12 чакырымдан ашуун жаңы жол куруу пландалууда. Ошондой эле тыгынды азайтуу максатында бир нече көпүрө дагы курулат. Борбор калаанын жолдору быйыл кандай өзгөрөт? Курулуш учурунда жол тыгынын алдын алуу үчүн кандай иштер жүрөт?
Ушул жана башка суроолорго Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов жооп берди.