Кыргызстан биринчи жолу кант кызылчасын быйыл ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоду

Sputnik
Былтыр өлкөдө кант кызылчасын өндүрүү дээрлик 1 миллион тоннага жакындаган. Мындай түшүм менен республика өзүнүн керектөөсүн эле жаппастан ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттогонго да үлгүргөн. Кыргызстандын кант кызылчасы ширелүү деп баалангандыктан ага болгон суроо – талап да жогору дешет адистер. Бирок көйгөйлөр да жок эмес. Айтсак кайра иштетүү тармагында жетишпестиктер бар. Кызылчадан өндүрлгөн кум шекерден башка азыктарды жасоочу ишканалар жетишсиз. Бул таңсыкты ордуна келтирүүдө мамлекет менен ишкерлер эриш-аркак иштеши талапка ылайык.
Биз “Күн башат” программасында кант кызылчасын кайра иштеп чыгуу, түшүмдүүлүгүн жогорку деңгээлде кармап туруу жана быйылкы эгин тууралуу баарлаштык.