Улуттук банк алдамчылыкка шектүү эсептерди 30 күнгө бөгөттөөнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Улуттук банк алдамчылыкка шектүү эсептерди 30 күнгө бөгөттөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу башкы банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, сунуш банктар, финансылык жана төлөм уюмдарынын өкүлдөрү менен талкууланып, макулдашылган.
"Бул — иликтөө үчүн оптималдуу мөөнөт. 30 күндүн ичинде эсеп боюнча бардык иликтөөлөр аякташы керек", — деди Алиев.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен бардык банктарды, финансы уюмдарын алдамчылык операцияларды аныктоого жана алдын алууга багытталган "Антифрод" системасын орнотууга милдеттендирүү сунушталып жатканы кошумчаланды.
12 жылга чейин эркинен ажыратуу. ИИМ алдамчылык үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштоодо