"Санарип сомду" иштеп чыгуу Эл аралык валюта фондунун методологиясы менен ишке ашууда. Бардык эле мамлекеттер ушул ыкманы колдонушат. Ал беш этаптан турат. Бул тууралуу Айгүл Бакесариева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстандын Улуттук банкы биринчи этабынан (изилдөө, архитектурасын тандоо — ред.) өттү.
"Санарип сомду иштеп чыгууда азыр изилдөө этабын жыйынтыктадык. Эми апрель айынан тарта концепциянын максаты, аны текшерүү иштерине киришебиз. Учурда жеткирүүчүлөрдү издеп жатабыз. Алар тажрыйбалуу болушу шарт. Санарип сомду колдонууда биз азырынча үч багытта иш алып барууну чечтик, келечекте кеңейиши ыктымал. Биринчиси — капчыктарды ачуу, бир капчыктан экинчисине которуу мүмкүнчүлүктөрү. Экинчиде биз социалдык долбоорлордо колдонууну көрөлү деп жатабыз. Ал үчүн "балага сүйүнчү пул" кейсин иштеп чыгуудабыз. Мында балага берилчү каражат санарип акча болуп ыйгарылат. Үчүнчүсү — интернетсиз, офлайн-төлөмдөрдү жүргүзүүнүн техникалык учурлары. Мына ушул жумуштар боюнча иш жүрөт", — деди Бакесариева.
Адис ошол эле учурда "Санарип сом" долбоору качан толук кандуу ишке кирип жана "балага сүйүнчү акча" кайсыл мезгилден тарта которула баштаарын ачыктаган жок.
"Дүйнө жүзү боюнча эле санарип акча долбоору жаңыдан кирип жаткандыктан иштин даяр модели ушу тапта жок. Бардык өлкөлөр өз ыңгайына жараша жолун аныктап жаткан учур. Андыктан биз да өз жолубузду тандоодобуз. Мисал катары ЕАЭБ өлкөлөрүн алып көрдүк. Анда кээ бири бул долбоорду эл аралык төлөм жүргүзүү үчүн иштеп чыгып жатса, башкасы коррупцияны жоюу максатында, үчүнчүсү социалдык программаларга басым жасайт экен. Андыктан биз да өзүбүзгө туура келген моделди иштеп чыгуубуз шарт. Иштин жүрүшү жана аякташы ушуга байланыштуу. Жогоруда айткандай, азырынча үч багытты тандадык", — деди ал.
Бакесариева долбоорду ишке киргизүүдө чет мамлекеттик компаниялар жеткирүүчү болобу же ата мекендик адистер тартылабы, азырынча белгисиз экенин кошумчалады.