БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Зордуктоого шектелген кыргызстандык 17 жылдан кийин Москвадан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2008-жылы Жети-Өгүздүн тургуну үйүндө зордукталганын айтып арыз жазган. Шектүү издөөгө алынып, жакында эле Москвада кармалды.
Кармалган жаранды экстрадициялоо маселеси каралып жатат.