Майор Николай Калашников
Ал 1913-жылы 18-декабрда Пишпек (азыркы — Бишкек, Кыргызстан) шаарында жарык дүйнөгө келген. 1934-жылы Айыл чарба техникумун аяктаган соң зоотехник болуп эмгектенген. 1935-жылы армияга чакырылып, 1938-жылы Ташкенттеги жөө аскерлер училищесин аяктайт да, ал жерде курстун командири болуп иштеп калат.
1942-жылы сентябрда фронтко кетет. 1944-жылдын июнь айында гвардиянын майору Николай Калашников 19-гвардиялык танкалык бригаданын автоматчылардын моторлоштурулган батальонуна командачылык кылат. Бул Беларусь фронтунун 5-гвардиялык танкалык армиясынын 3-гвардиялык танкалык корпусунда эле.
Беларусь ССРин фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1944-жылы 25-июнда Калашниковдун батальону танкалык бөлүктүн жардамы менен Орша-Минск темир жолу менен шоссесин бууп, немецтерди чегине турган багытын тосуп салган. Төрт күндө батальон эки миңге чукул немец аскерлери менен жоокерлерин туткундап, 190 автоунааны, 500 арабаны, өзү жүрүүчү артиллериялык беш техниканы, 35 бронетранспортерду, танкага каршы эки артиллериялык батареяны, бир кампаны ок-дарысы менен жана эки темир жол эшелонун олжологон.
1944-жылы 14-августта Калашников Каунастын алдындагы Жигарники кыштагындагы согушта курман болуп, сөөгү ошол жерге (Литва ССРи) коюлган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен курман болгондон кийин, 1945-жылы 24-мартта, "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын майору Николай Калашниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери ыйгарылган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.