БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков үй-бүлөсүн карактап кеткен окуя боюнча адилеттүүлүк талап кылып, кайрылуу жасады.
Анын айтымында, 2019-жылы ырчынын апасы менен карындашын байлап, үйүн карактагандар жоопко тартылбай, кылмыш иши жабылып калган. Ал эми ырчынын жактоочусу Шердор Абдыкапаров бул иште бир катар процессуалдык мыйзам бузуулар орун алганын белгиледи.
"Тергөө иштери талапка ылайык жүргүзүлгөн жок, протоколдорго тергөөчүлөр кол койгон эмес. Окуя боюнча видеоматериалдар ишке тиркелбей, ал тургай кармалган шектүү эч кандай түшүндүрмөсүз бошотулган. Эң башкысы – кылмыш иши жөн гана архивге жөнөтүлгөн", — деген Абдыкапаров.
Бул боюнча Атабеков УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти жеке көзөмөлүнө алуусун жана укук коргоо органдарына тергөө иштерин кайра жүргүзүү боюнча тапшырма берүүсүн өтүнгөн.
Эске салсак, 2019-жылы 6-майга караган түнү КРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун апасы менен карындашын байлап, үйүн карактап кетишкен.