БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Окуучуларды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салынган. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, чечим былтыр 2-майда Сузакта болгон трагедиялуу окуядан кийин кабыл алынган. Анда Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 29 баланы тебелеп кеткен.
"Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Окуучуларды жөнү жок эле массалык иш-чараларга тартуу деген болбойт. Эгер ошончолук эле муктаждык болуп жатса, анда алдын ала пландаштырылып, жоопкерчиликтер так аныкталып, анан уюштурулат. Муну ар бир мектепке, ЖОЖдорго жеткирдик", — деди Жусупбекова.
Ошондой эле министрдин орун басары балдарга коопсуздук эрежелеринин негиздери окутула баштаганын, анда жолдогу коопсуздуктан баштап, үйдөгү тиричилик (бычак, айры) буюмдарын колдонууга чейин камтылганын белгиледи.
Мындан тышкары, Финансы министрлиги менен мектептерде психологдордун штатын ачуу боюнча сүйлөшүлүп жатканын кошумчалады. Балдар коопсуздугуна коркунуч жаралса электрондук күндөлүк аркылуу анонимдүү билдирүү калтырууга болору да белгиленди.