Ысык-Көлдө гидроцикл пайдалануу эрежеси бекитилди

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө гидроциклди пайдалануу эрежелери бекитилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзам 13-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда Ысык-Көлдө гидроцикл пайдаланууга жарым-жартылай тыюу салуу, пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү каралган.
Ошондой эле көлдүн аймагында экологиялык эрежелерди сактоо менен атайын зоналарда, эс алуучулар топтолбогон жерлерде төрт такттуу жана электр кыймылдаткычы бар гидроциклди, скутерди пайдаланууга уруксат берилери айтылган.
Мыйзамды бузгандарга 5-15 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 15-20 миң сомго чейин айып салынат.
УКМК: Ысык-Көлдө пансионаттын 729,6 млн. сомдук жери мамлекетке өттү