БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. АКШда киши колдуу болгон кыргызстандык жубайлардын жана алардын уулунун сөөгү мекенге алып келингенин ТИМден билдиришти.
45 жаштагы Азамат, 48 жаштагы жубайы Бермет жана алардын 6 жаштагы уулунун сөөгү Иллинойс штатында табылган. Жубайлар логистикалык компанияга ээлик кылып келгени айтылды.
Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу жергиликтүү бийлик менен байланышта экени кабарланды. Тергөө жүрүп жатат, окуянын чоо-жайы айтыла элек. Иш Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.