БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. АКШдагы куюндуу шамалдан улам Канзаста массалык жол кырсыгы катталып, Кыргызстандын жараны каза болгон. Кабарды ТИМ таратты.
Буга чейин 70ке чукул автоунаа катышкан кырсыктан сегиз адам көз жумганы айтылган. ТИМдин маалыматында каза болгондордун арасында Кыргызстандын Ш.Б. аттуу 25 жаштагы жараны дагы болгон.
Чикаго шаарындагы Башкы консулдук жергиликтүү бийлик жана маркумдун жакындары менен байланышта экени, сөөктү мекенине жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы кабарланды.