БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. АКШ Украинадагы кырдаалдан улам Россияга каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдан чыгып жатканын Европа биримдигине эскертти. Бул тууралуу New York Times гезити ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды.
"Юстиция министрлиги (АКШ – ред.) АКШ лидерлерди иликтөө үчүн түзүлгөн көп улуттуу топтун курамынан чыгып жатканын европалык аткаминерлерге жашыруун кабарлаган (Украинадагы жаңжалдын контекстинде. – Ред.)", — деп айтылат маалыматта.
Гезит белгилегендей, бул топ Беларустун, Түндүк Кореянын жана Ирандын да жетекчилигине каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Вашингтон 2023-жылы кошулган. Андан чыгуу чечими 17-мартта Евроюсттун мүчөлөрүнө жолдонгон катта жарыяланат деп күтүлүүдө.
NYT басылмасынын маектештери белгилегендей, америкалык бийлик ресурстарды кайра бөлүштүрүү зарылдыгынан улам топтон чыгууну чечишкен.
Трамптын администрациясы ошондой эле Украинадагы прокурорлор жана укук коргоо органдары менен иштеген команданы кыскартууда.