БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. С5+1 форматы Евразия экономикалык биримдигине утулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн видеоконференция учурунда "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубатбек Рахимов билдирди.
C5+1 – бул АКШ өкмөтүнүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өкмөттөрү менен аймактык дипломатиялык платформасы.
"Батыштын ушундай форматтарынын бардыгы постсоветтик мейкиндикте калыптанган алакадан артта калды. Мындайча айтканда, Россия менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ алкагындагы мамиле башкаларга салыштырмалуу кыйла өйдө турат", — деди Рахимов.
Анын айтымында, визасыз мейкиндик – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин эң чоң жетишкендиги.