18-мартка карата аба ырайы

Бишкектеги парктардын биринде төрт дөңгөлөктүү велосипед тээп жүргөн адамдар. Архив
18-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. 18-март, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Баткенде +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад облустарында +21...+26, Ысык-Көл кылаасында +8...+13, Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22...+24, Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Эс алуучу гидроцикл пайдалануу учурда. Архив
Ысык-Көлдө гидроцикл пайдалануу эрежеси бекитилди