Улуттук Банктын "Санарип сом" долбоору кайсы этапта?

Sputnik
КРдин Улуттук Банкы "Санарип сом" деп аталган долбоорду баштаган. Анын максаты жүгүртүүгө санарип акчасын чыгаруу. Долбоорду ишке ашыруу 5 этаптан турары айтылган.
Биз бүгүнкү "Экономикалык панорама" уктуруусунда аталган долбоор кайсы этапка келип жеткенине кызыгып көрдүк. Ошондой эле аны ишке кимдер ашырып жатканы, техникалык суроолордо жергиликтүү адистердин салымы канчалык экендиги, санарип акчаны жүгүртүү кайсы тармактарда ишке ашары жана анын сомго болгон катнашы тууралуу сүйлөштүк.