Мөңгү ээрип, майда көлдөр көбөйүп сел коркунучу жаралууда - Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири

Sputnik
Глобалдык климаттын өзгөрүшү биздин өлкөгө дагы таасирин тийгизип, орчундуу өзгөрүүлөр байкалууда. Улуттук илимдер академиясынын билдиришинче соңку 50-70-жылда Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында да температуранын жогорулашына байланыштуу чоң мөңгүлөр ээрип, майда мөңгүлөр көбөйүүдө. Мындан улам тоолордо майда көлдөр көбөйүп, айрымдары толуп, жыйынтыгында мөңгү суулары дарыяларга кошулуп өлкө аймагында сел жана суу каптоолор көбөйдү. Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында Глобалдык климаттын өзгөрүшү биздин табиятка кандай таасир этүүдө, мөңгүлөрдүн абалы жана өлкөдөгү суу ресуртары тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун илимий кызматкери Жумакадыр Карамолдоев жооп берди.