Кыргызстандын географиялык жайгашуусуна байланыштуу өлкөдө жүргүнчүлөр менен жүк ташуулар автотранспорттор аркылуу жүргүзүлөт. Бул дээрлик 95-97 пайызды түзөт. Автотранспорт өтө ийкемдүү транспорттун түрү болгондуктан, эл аралык жүк ташуулар да негизинен автотранспорт менен ишке ашырылат. ЕАЭБдин келишимдеринин негизинде уюмга мүчө мамлекеттерге жүктөр эркин жүргүзүлөт. Ал эми ЕАЭБ аркылуу башка мамлекеттерге жүк ташуу уруксат кагаздын негизинде ташылат.
Учурда 112 миң 600дөн ашык уруксат кагазы алынганын Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Эл аралык ташуулар жана интеграция бөлүмүнүн башчысы Бектур Дербишовмаалымдады.