БИШКЕК, 16 мар — Sputnik. Украинадан аймактарынан баш тартуу талап кылынат, анын ордуна өлкө коопсуздук кепилдигин ала алат. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц ABC телеканалынын эфиринен билдирди.
“Келечектеги коопсуздук кепилдигин аймактарына айырбаштайт. Ушул сыяктуу болот”, — деген ал.
Уолц аймактык маселелер Киев менен Москванын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында талкууланып жатат деген билдирүүсүнө түшүндүрмө берген.
Президенттин кеңешчиси Украинанын Түндүк атлантикалык альянска мүчө болуу ыктымалдыгы боюнча да пикирин айтты.
“НАТОго кирүү Украина үчүн дээрлик ишке ашпай турган нерсе. Бул АКШнын эле эмес, башка бир катар мамлекеттердин да позициясы”, — деди Уолц.
Анын айтымында, Дональд Трамп украин кризисине убактылуу эмес, туруктуу негизде чекит коюлушу керек деген пикирде.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ лидери Владимир Путин Россия согуштук аракеттерди токтотууга макул экенин, бирок бул узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуп, тирешүүнүн баштапкы себептерин жоюшу керектигин эскерткен.